
Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга сезилген жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.