
Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазды.
Алты адам каза болду. Жабыркагандардын 18инин абалы өтө оор.
Эскерте кетсек, 20-февралда Хатай провинциясында жер силкинүү болгон. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.