Нарында тергөөчү пара алууга шектелип кармалды

Пара алып жаткан жеринен Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-февралында опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК кызматкерлери жана КР ИИМдин Нарын облусу боюнча ИИБ ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте 20 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары Т.у.К. жана тергөө кызматынын тергөөчүсү Б.А.М. кармалды.

Аталган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (жылмакай ок атуучу куралды сактоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш иши туралуу Нарын районунун бир топ тургундарынын баш коргоо чарасына оң чечим чыгаруу үчүн алдын ала сүйлөшүп алып, Нарын районунун тургундарынан 40 000 сом талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү, анда жаза айып пул түрүндө гана каралган, эркинен ажыратуу каралган эмес.

Учурда кармалгандар Нарын шаарынын ИИБнын УКЖсына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.