Түрмөгө баңгизат киргизүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

Беловодск айылындагы №16 түзөтүү мекемесине эки жаран баңгизатын киргизүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-февралда “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа менен мекеменин түндүк тарабынан ал жакка өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы М.У.Э. жана 23 жаштагы Ш.Б.Н. аттуу жарандар кармалган.

Алардын унаасынан скотч менен оролгон, кара-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар, гашиш баңгизатына окшош, жалпы салмагы 719 граммды түзгөн 2 таңгак алынган.

Бул факты Чүй облусунун Москва райондук милициясына катталып, кармалгандарга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.