Москва: Массалык мушташ болуп, кыргызстандыктар кармалды

Москванын түштүк-чыгышында, 19-февралдын түнүндө массалык мушташ чыгып, 15 адам кармалды. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазды.

Маалыматка караганда, мушташ Люблинская көчөсүндөгү кафелердин биринде болгон. Окуя жерине келген полиция кызматкерлери мушташка Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары катышканын аныктаган. Мушташ кафенин ичинде кайым айтышуудан улам башталып, көчөдө уланган.

Мушташка катышкан деп 15 киши кармалган.