Асел Турдалиева Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетке проректор болду

КРнын эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка университеттин ректору Түмөнбай Колдошов кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Асел Турдалиева окуу жайдын сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин деканы болгон.