Эл өкүлү Билим берүү жана илим министринин орун басарына нааразы

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын жообуна нааразы болду.

Жыйында Ашымбаева атайын токтомдун негизинде мектеп-интернатыда окугандардын тамак-ашына деп алардан акча алынаарын билдирди.

Депутат ал кайсы токтом экенине кызыкты. Орун басар Ашымбаева бул суроого так жооп бере албай, кат түрүндө жөнөтөөрүн билдирди.

Буга депутат Маткеримов нааразычылыгын билдирди.