Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам эки айга камакка алынды.
Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук сотунун чечими менен шектүү 16-апрелге чейин №21 абакта болот.
Эске салсак, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаран кармалган.
Үч адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалган 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.
Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган