УКМК: 3 адамдын өлүмүнө шектүү 15 жыл күч түзүмдө иштеген

Бишкектин 5-кичирайонунда 16-февралда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран мурда УКМКда иштеген. Бул маалыматты УКМК тастыктады.

Маалыматка караганда, өлтүрүүгө шектелип кармалган 36 жаштагы А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

«Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган», — деп билдиришти УКМКдан.

УКМК: 3 адамдын өлүмүнө шектүү 15 жыл күч түзүмдө иштеген
xshektyy karmaldy.png.pagespeed.ic .lYNc1KANFA УКМК: 3 адамдын өлүмүнө шектүү 15 жыл күч түзүмдө иштеген