Өзбек-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекет убактылуу жабылды

15-февралдан тарта өзбек-казак чек арасындагы «Сырдарыя» жана «С.Нажимов» бажы бекеттери аркылуу жарандарды, жеңил автоунааларды жана автобустарды өткөрүү убактылуу токтотулду.

ЖМКлар бул Казакстан тарап өз аймагындагы «Атамекен» («Сырдарыя») жана «Казигурт» («С.Нажимов») өткөрүү бекеттеринде реконструкция иштерин жүргүзүп жатканына байланыштуу экенин кабарлашты. Оңдоо иштери аяктаганга чейин аталган бекеттер аркылуу жүк көтөрүмдүүлүгү 3,5 тоннадан ашпаган жүк унаалары гана өтө алат.

Жарандарга альтернатива катары күнү-түнү иштей турган «Гишткуприк» жана «Яллама», ошондой эле күндүз иштеген «Малик» жана «Ок Олтин» өткөрмө бекеттери аркылуу өтүү сунушталды.