
Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
“Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери 15-февраль-советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына жана 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө утурлай окуучулардын арасында патриоттук сезимдерди ойгото турган иш-чараларды уюштурушту. Мындан сырткары, район аймагында өткөн Афганистандагы согуштун ардагерлерине арналган майрамдык иш-чараларда милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздашты”, – деп айтылат маалыматта.
Ардагерлерге жагымдуу маанай тартуулоо максатында тартип сакчылары аларды милициянын көчмө кабылдамасында шаарды айландырууга алып чыгышты. Афганистандагы согуштун ардагерлери милиция кызматкерлеринин көрсөткөн сый-урматына ыраазы болушуп, жагымдуу маанай тартуулашканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

