Түркияда каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгү «Жүк-200» менен өз мекенине жеткирилди

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон Кыргызстандын жараны мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 15-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык аял Хатай шаарында көз жумган.

“Хатайда каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгү «Жүк-200» менен өз мекенине жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараны жер титирөөнүн кесепетинен каза болгону маалымдалган. Маркум Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жерге берилмекчи.

ТИМдин маалыматы боюнча учурда жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан ӨКМдин 182 куткаруучусу жөнөтүлгөн, анын ичинен 12 фельдшер, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 6 дарыгери, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен 6 кинолог иштеп жатат.

x9 3 1021x580 1.jpg.pagespeed.ic .09sBF7lb9L Түркияда каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгү «Жүк-200» менен өз мекенине жеткирилди