Атамбаевдин абактан кийип чыккан күрмөсү эки миң доллар турабы? Текшеребиз

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-февраль күнү Молдовановкада жайгашкан №27 түзөтүү колониясынан бошоп чыкты. Чыга бериште аны аз гана тарапташтары жана журналисттер күтүп алышты.

Алмазбек Атамбаев аларга жакалуу кара күрмөсү менен чыкты. Соцтармактардын колдонуучулары божомолдогондой, анын үстүндө белгилүү Италия бренди Moncler пальтосу болгон.  Bulak.kg журналисттери бул жоромолду текшерип көрүштү.

Аларды салыштырсак, экөө тең окшош түзүлүштөгү кемсел экенин байкоого болот. Чөнтөктөрдүн бир жерде жайгашуусу, топчуларынын санынын дал келүүсү жана түктүү жакаларынын окшоштугу.

45454544545 Атамбаевдин абактан кийип чыккан күрмөсү эки миң доллар турабы? Текшеребиз

Эки модель тең окшош бүктөмдөргө ээ.

2222 Атамбаевдин абактан кийип чыккан күрмөсү эки миң доллар турабы? Текшеребиз

Moncler S.p.A. – 1952-жылы Рене Рамильон тарабынан негизделген кийим, бут кийим жана башка буюмдардын бренди. Анын эң ийгиликтүү продукциясы күрмөлөр жана спорттук кийимдер болуп эсептелет. Moncler сөзү –  француз Альпыларында жайгашкан Монестье-де-Клермон аталышындагы шаардын аббревиатурасы.

Москва шаарындагы борбордук универсалдуу дүкөндүн аталган пальтого берген сүрөттөмөсүндө: “күзгү-кышкы коллекциядагы кемсел аба ырайынын катаалдыгына туруштук берет” деп жазылган. Тыш тарабындагы полиэстер ным өткөрбөсө, ич жагындагы тандалма түк мыкты жылытат. Анын салмагы да жеңил болуп, шамал өткөрбөйт: ага атайын манжеттер жана капюшон жооп берет.

Бул күрмө 129 500 рубль турат (болжолу менен 152 миң сом же 1760 доллар).

877 Атамбаевдин абактан кийип чыккан күрмөсү эки миң доллар турабы? Текшеребиз

Бул суммага 21 кыргызстандыктын жашоо минимумун камтыса болот. Ал эми мындай суммадагы акчаны табыш үчүн, орто айлыкты алган кыргызстандык 8 ай бою эч нерсе жеп-ичпеши керек жана тапкан акчасын такыр коротпошу керек болот.

Алмазбек Атамбаев колонияда отурганда “чоң муктаждыкка” кабылган анын кожойкесине (жубайы – Раиса Атамбаевага – ред. эскерт.) эл кантип жардам бергенин журналисттерге айтып берди.  

“Жөнөкөй кыргызстандыктар менин кожойкеме 500-1000 сомдон берип турушту. Ал эми мөмө-жемиштерди алууда андан акча албай да коюшчу. Мен мындай жардам көрсөткөндөргө терең ыраазымын”, – деп Атамбаев айтты.

Эске салсак, буга чейин журналисттер президент Садыр Жапаров эл алдына алгач 158 миң сомдук күрмө менен чыкканын аныкташса, андан соң 1.3 млн сомго чейин кийингенин белгилешкен. Ошондой эле, журналисттер минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров баасы 1.1 млн сом турган Loro Piana аттуу Италия брендинин күрмөсүн кийип жүргөнүн аныкташкан.  

Жыйынтык: чын. Атамбаевдин колониядан кийип чыккан күрмөсү, – Moncler аттуу Италия брендинен алынган. Азыр анын баасы 152 миң сомго жакын турат.