Атамбаев Дубайга учуп кетти

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Дубайга учуп кетти. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев бүгүн, 15-февралда эртең мененки саат 5тер чамасында Дубайга учуп кеткен, ал жерден Испанияга учуп кетет.

Эскерте кетсек, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камактан чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарды.

Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилди.

Эске салсак, Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган. 2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.