Бишкекте 14 жаштагы окуучу кыз өзүнө кол салууга аракет кылган

Бишкекте 14 жаштагы окуучу кыз курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн секирип кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

«Айни көчөсүндө жашы жете элек С.А. аттуу кыз курулуп жаткан үйдүн алтынчы кабатынан секирүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана полициянын экипажы жөнөп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар жашы жете элек кызды түшүрүп, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Окуянын себептери иликтенип жатат.