УКМК: Опузалап акча каражатын талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды

Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

   Маалыматта, Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылып,  тергөө органдарынан жашырынып жүргөн «Женго» каймана аты аталган К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Г.У.Н. жана Н.А.А. кармалып, КР УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат.
    "Аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн.
    Г.У.Н. жана Н.А.А., мурда "каракчылык" жана "каракчылык" беренелери боюнча бир нече жолу соттолушуп, Жазасынын өтө элек мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №43-колониясында каттоодо турушкан", - деп айтылат билдирүүдө.
    Кармалган Н.А.А., колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн. 
    Азыркы учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.
WhatsApp Image 2023 02 09 at 13.35.21 УКМК: Опузалап акча каражатын талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды
WhatsApp Image 2023 02 09 at 13.35.22 УКМК: Опузалап акча каражатын талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды