Нурлан Мотуев зордуктоо боюнча айыпталууда

Мурунку саясатчы Нурлан Мотуевге арызды Бишкектин тургуну жазганын билдирди. Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, Бишкек шаарында жашаган 23 жаштагы келин аны зордуктоо боюнча айыптаган.

Маалыматка ылайык, арыз 3-февралда түшкөн. Анда келин мындан алты ай мурун Мотуев үйлөнөм деп убада берип, Москва көчөсүндөгү батиринде зордуктап салганын айткан. Анын айтымында, алар социалдык тармактардан таанышкан.

Белгиленгендей, арыз ээси ажырашып кеткен, эки баласы бар.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат такталып жатканын, так маалымат бир аздан соң берилерин кабарлады.