Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук милицияга Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, шилтеп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип,  тапанча менен бутунун астына атып, 50 000 сомун күчкө салып тартып алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

5143833d a0df 4650 985e 905f471ff48e Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео
768x1024x29bdfce2 4b7c 48a2 9233 c94c138ad92a.jpg.pagespeed.ic.yJmZFXSVUM Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео
768x1024xe632d18a 41d7 4727 86c1 e473133ad0b3.jpg.pagespeed.ic.skicK n5iA Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео
086db8eb 9e95 4ab7 9f2e d589408ff6eb Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео
768x1024x1.jpg.pagespeed.ic.M ylPl9T8U Жалал-Абадда жарандарды карактап жүргөн топ кармалды — видео

Ошондой эле, 2022-жылдын апрель айында милицияга А. аттуу дагы бир жаран арыз менен кайрылган. Себеби, Жалал-Абад шаарында жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 000 сомго  сатып,  ага 700 000 сомун гана берип,  калган 250 000 сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөн.

Ушул эле айда Айбек менен Турар аттуу жигиттер келишип, жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатып алуу аракеттерин көрүшүп, бул кылмыштуу ойлору ишке ашпай калган соң,  200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан.

Аталган факты  боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, Турар жана Айбек аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган.

YouTube video