Аял жаш баласын уруп-соккон видео жарыяланды

Социалдык тармактарда апасы баласын уруп-согуп жаткан видео жарыяланды.

Анда аял киши жолдошуна видеочалуу аркылуу байланышып, мындай жашоодон тойгонун айтып, азыр барып жолдогу унаанын алдына өзү менен кошо баласына кол салаарын айткан. “Ыйлаба жетим! Биз азыр эшикке чыгабыз, машинанын алдына жыгылабыз. Кайда экениңизди айтыңыз!?”, – деп аялы күйөөсүнө кайрылып жатканы зээнди кейитет.

Баласын ур-токмокко алган аялдын жолдошу менен вотсаппта сүйлөшкөн маалыматтар да жарыяланды.

Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Апасы ошондой эле башка балдарына кол көтөргөнүн билдирген.

ИИМ бул маалыматты тактап жатканын билдирди.

WhatsApp Image 2023 01 30 at 09.09.43 Аял жаш баласын уруп-соккон видео жарыяланды
WhatsApp Image 2023 01 30 at 09.09.44 Аял жаш баласын уруп-соккон видео жарыяланды