Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы түштү

Pumping gas

Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы 3-4 сомго арзандады. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

«2023-жылдын башынан тартып бензиндин баасы арзандады. Бул сезондук көрүнүш. Орусиядагы заводдор декабрь — январь айларында күйүүчү майдын дүң баасын арзандатты. Бул көрүнүш февраль айына чейин созулат»,-деди ал.

Мындан тышкары, өлкөдө күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар экени кошумчаланды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.