Майк Тайсон зордуктоого шектелүүдө

YEKATERINBURG, RUSSIA - SEPTEMBER 6, 2018: American professional boxer Mike Tyson during a press conference following a boxing masterclass for RCC Boxing Promotions boxers and children at the Martial Arts Academy established by the Russian Copper Company. Donat Sorokin/TASS (Photo by Donat SorokinTASS via Getty Images)

Боксер Майк Тайсон 30 жыл мурун кыз зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ABC News телеканалынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, легендарлуу мушкер түнкү клубдардын биринде таанышкан кызын зордуктаган деп шектелүүдө. 

“Аял 90-жылдардын башында бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсонду зордуктоого айыптап, сотко кайрылды», — деп билдирди булак.

Арыз ээси өз арызында Тайсондун лимузининен, мушкер аны өпкөнгө аракет кылганын айткан.

 «Мен ага бир нече жолу «жок» деп айтып, токтотуусун сурандым, бирок ал мага кол көтөрө берди, — деп жазат басылма аялдын сөзүн.  

«Андан кийин ал менин шымымды чечип, мени кордоду», -деген.  
Бул Тайсонго экинчи ирет тагылып жаткан айып экени белгилүү. Ал буга чейин сулуулар конкурсунун катышуучусу Дезире Вашингтонду зордуктаган деп айыпталып үч жыл абакта олтуруп чыккан.