Тартип сакчылыгында: Баткенде улуттар аралык ынтымакты чыңдоодо милиция кызматкерлеринин салымы чоң

“Жарандардын коопсуздугун күнү-түнү камсыздоо-милиция кызматкерлеринин негизги милдеттеринин бири”,-деген улук милициянын аймактык тескөөчүсү Чыңгызбектин милицияда кызмат өтөөсү өзүнүн ыктыярдуу тандоосу болгон. “Мен бул кесипти бала кезимен бери эле билчүмүн жана келечекте мен дагы милиция кызматкери болууну кыялданчумун. Атам дагы милиция кызматкери болгон. Бул кесипти тандоомо атам дагы каршы болгон жок.

Тескерисинче ата жолун жолдоо мен үчүн дагы, ал үчүн дагы сыймык болду десем жаңылышпайм. Кайда бара жатканымды, кандай кесип тандаганымды билдим, тоодой алтынды же жеңил жумушту кыялданбадым, ошондуктан күтүүлөр дал келди десек болот. Мен бул кесипти аркалап, элдин кызматында жүргөнүмө кубанычтамын”,-дейт Чыңгызбек мырза.
-Өзүңүз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз…

  • Мен милициянын лейтенанты Чыңгызбек Норбеков. Маегимдин башында айтакынымдай эле, ички иштер органдарында кызмат өтөп калганымдын себеби атам түрткү болгон. Менин насаатчым, колдоочум атам милициянын отставкадагы майору Уразали Норбеков ички иштер органда 27 жыл кызмат өтөп, учурда ардактуу эс алууда. “Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат!” экенин милицияда кызмат өтөп жатып билдим. Учурда Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүндө улук милициянын аймактык тескөөчүсү болуп иштейм. 3 миң калкы бар Баткен районунун Ак-Сай айылынын коопсуздугун көзөмөлдөйм. Ак-Сай айылы Тажикстан Республикасынын Ворух анклавы менен чектеш жайгашкан. Бүгүнкү күндө эки элдин ортосундагы ар кандай келишпестиктерди, чыр-чатактарды алдын алуу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди алып баруудамын. Ошондуктан, Баткенде улуттар аралык ынтымакты чыңдоодо милиция кызматкерлеринин салымы чоң.
  • -Өзүңүздүн аткарган иштериңиз жөнүндө айта кетсеңиз…
  • -Милициянын аймактык тескөөчүлөрү чынында ички иштер органдарынын жүзү. Алардын аткарган иштеринен көп нерсе көз каранды болуп калат. Эң негизгиси өзүнө ыйгарылган аймакта коомдук тартипти сакташың керек. Ар кандай катмардагы жарандар менен сүйлөшүп, ишенимине кирип, кеңештериңди бересиң. Биз жарандар менен жолугушуу учурунда же өзүң тейлеген аймактарды кыдыруу учурунда жергиликтүү тургундарга милицияга ишеним көрсөтүп, көйгөйлөр жаралган учурда тез арада кабарлоо керектигин айтуудабыз. Анткени кылмышты изин суутпай ачуу, убакыттан көз каранды. Мисалга алсак, биз чек арага чектешкен аймакта жашагандыктан, жарандардын малдары кароосуз калып, чек арадан өтүп кетет же уурдалып, таппай калган учурлары болот. Бул учурда бизге тез кайрылса, биз коңшу мамлекеттин милиция кызматкерлери менен жолугуп, тез таап, кайра кайтарып алууга жеңил болот. Кайрылган ар бир жаранга милициянын аймактык тескөөчү жардам бериши керек. Мүмкүн болсо, маселени өз алдынча чечип, керектүү документтерди же кайрылууларды даярдоого көмөктөшүп, же тиешелүү органга жөнөтүшү абзел. Анткени жарандын кандай гана арыз-доосу болбосун кабыл алууга милдеттүүбүз деген ИИМдин жетекчилигинин талаптары бар. Биз аны кынтыксыз аткарууга тийишпиз.
  • Баткен облусу Кыргызстандагы саясий-стратегиялык аймак экени баарыбызга маалым.
  • -Бул аймакта кызмат өтөөнүн өзгөчөлүгү барбы?

  • -Өзүм дагы Баткен облусунда туулуп-өскөнүмө жана бул жерде кызмат өтөп жатканыма байланыштуу, Баткен облусунун, анын ичинде чек арага чектеш аймактардагы жарандарыбыздын ой-мүдөөсүн, көйгөйлөрүн жакындан билем. Кандай гана көйгөйлөрү болбосун мыйзам чегинде карап, чечип берүүгө аракеттенем. Андан сырткары, бул жакта чек ара маселеси бар болгондуктан, эки өлкөнүн элдеринин ортосунда чыр-чатактардын, пикир келишпестиктердин болуусун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.

  • -Кыргыз элине каалоо-тилектериңизди айта кетсеңиз…

  • Кыргыз элиме тынч жана бакубат жашоону каалайм. Элибизде, жерибизде молчулук, токчулук болсун. Кыргызстаныбыздын экономикасы өнүгүп, көптөгөн ийгиликтер коштоп жүрсүн демекчимин.

  • -Маегиңиз үчүн рахмат!
    ИИМдин Басма сөз кызматы