ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо боюнча баңгилабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Кылмышты жасоого шектүү катары Чүй облусунун жашоочусу 1960-жылы туулган К.С. кармалды.

WhatsApp Image 2023 01 24 at 11.48.18 ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүшкөн.
Кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда жаран К.С. үйүнөн 6 даана үч литрлик, 3 даана бир литрлик, 1 даана жарым литрлик банкада жана 3 даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 килограммды түзөт.
Андан сырткары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 мл. көлөмүндөгү 12 бөтөлкөдөгү спирт, 3 даана скотч, баңгизатты колдонуу үчүн бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель.
Кармалган жаран К.С. жана далил заттар Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2023 01 24 at 11.48.17 ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды

WhatsApp Image 2023 01 24 at 11.48.18 2 ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды
WhatsApp Image 2023 01 24 at 11.48.19 ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды