Эки жаран «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан баш тартышты

Жалал-Абад облусунда эки жаран «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, алар буга чейинки кадамдары туура эмес болгондугун айтышып, жаштарды бул жолго барбоого үндөштү.

Маалым болгондой, өткөн жылы профилактикалык иштердин жүрүшүндө 21 жаран каттоодон чыгарылган. Ошондой эле диний экстремизм багытында издөөдө жүргөн 1 кылмышкер кармалган.

2022-жылы Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин бир нече беренелеринин негизинде 1 миң 353 административдик протокол түзүлгөн. Алар боюнча бюджетке 7 млн 176 миң сом айып пул өндүрүлгөн.

Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмге, терроризмге, улуттар аралык араздашууга каршы күрөшүү, чек ара келишпестиктерин болтурбоо максатында жер-жерлерде жалпысынан 847 жолу алдын алуу иштери өткөрүлгөн.