Ошто ИИМдин спецназы УКМКнын имаратына басып кирди. Кармоолор жүрүп жатат

Ички иштер министрлигинин спецназы Оштогу УКМКнын имаратына басып кирди. Кармоолор болуп жатканын күч органдарынын өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында бүгүн, 20-январь күнү ИИМдин 20 кызматкери түштүк борбордо жайгашкан УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына кирип барышты.

Тергөө иштерин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жүргүзүп жатканы айтылды.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, ИИМ кызматкерлери УКМКнын облус боюнча тергөөчүлөрүн чоң өлчөмдө пара талап кылуу иши менен кармап жатышат.

Азыркы маалда УКМКнын имаратында териштирүүлөр болуп жатат. Ага кире бериште эки күч органынын кызматкерлери ортосунда массалык мушташ болгону белгиленет.