Баткендин Кадамжай районунда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып кырсыкка учурады. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 19-январда саат 11:30да Ош — Баткен — Раззаков жолунун 161-чакырымында болгон. Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта ( ылдамдыкты саатына 240 чакырымга чейин жеткирген ) бара жатып, рулга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен.
«Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу ошол жерде каза болуп, жанындагы жүргүнчү оор абалда ооруканга жеткирилип, ошол жерден жан берген», — деп айтылат маалыматта.