
18-январда Астана шаарына жакын жердеги аскердик машыгуу учурунда парашют менен секирген бир жоокер каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Окуянын чоо-жайы такталып жатат. Текшерүү иштери башталды”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, каза болгон жоокер 2022-жылы жазында Караганда шаарынан армияга чакырылган.
Коргоо министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жардам берүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөрүн убада кылды.
Казакстанда 2022-жылдын башынан бери Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жүргөн ондон ашык жоокер каза болду.