Исхак Масалиев: Борборго өзгөчө кырдаал киргизүү керек

Мындай пикирин депутат Исхак Масалиев бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Өзгөчө кырдаал министрлигинин адистери борбордун абасынын сапатын текшерип, өзгөчө кырдаал киргизүү керек. Дүйнөнүн бүт жеринде ушундай. Абанын сапаты өтө жаман деп, унчукпай отура берген болбойт.

Баарыбыз уу жыттап жатабыз, көпчүлүк жарандардын башы айланып жатат. Мен өкмөттүн өкүлү Алмазбек Абытовго расмий түрдө айтып жатам”, – деди Масалиев.