ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди

Бул саамалык тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-январындагы №31 токтомунун негизинде коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөп, өлкөдөгү ар кандай кырдаалдарда кызмат өтөй турган Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полку түзүлгөн.


Полкту түзүүнүн негизги максаты жана милдети: кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо, массалык тартипсиздиктерге бѳгѳт коюу өӊдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 11.06.11 1 ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди


Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Дамир Алыбаев, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Тилек Тюкебаев жана полктун ардагерлери катышты.


Андан соң иш-чарага келген коноктор сөз сүйлөшүп, өздүк курамды салтанаттуу күнү менен куттукташты. Өз кезегинде Октябрь Урмамбетов, полктун кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтты.
“Бүгүн атайын багыттагы полк түзүлгөндүгүнүн 9 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өзүңүздөр жакшы билгендей полктун өздүк курамы алгач уюшулган күндөн тарта республикабыздын ар кайсы аймактарында ар кандай кырдаалдарда кызмат ѳтѳп, коомдук коопсуздуктун сакталышын камсыздоодо калк менен жигердүү иш жүргүзүп, өз милдеттерин үзгүлтүксүз аткарып келүүдѳ. Бүгүнкү күндө атайын багыттагы полктун кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 11.06.11 ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди

Себиби, кызматкерлер өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жүздөгөн операцияларды ишке ашырып, алдына койгон тапшырманы ар кандай шарттарда жөндөмдүү аткарууда. Өлкө аймагында өткөрүлүп жаткан машыгууларга катышуу менен чектелбестен чет өлкөлүк кесиптештер менен биргеликте ар тараптуу машыгууларга да жигердүү катышып, эл аралык деӊгээлдеги даярдыктардан өтүү менен өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин арттырып, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында бай тажрыйбага ээ болууда.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 11.06.13 1 ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди

Урматтуу атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, сиздер күн сайын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздаган кызматкерлердин биринчи катарындасыңар. Келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу милдети ар бирибиздин колубузда. Ошондуктан алдыңарга жүктѳлгѳн милдеттерди аткарууда, ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин актайлы. Сиздерди бүгүнкү салтанаттуу майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолукту, бакубат жашоону каалап, кыргыз элибиз үчүн кылган ак кызматыңыздарды ар дайым ийгиликтер коштосун”, -деди куттуктоо сөзүндө министрдин орун басары.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин жана атайын багыттагы полкунун командиринин буйруктары окулуп, кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо ѳзгѳчѳлѳнгѳн бир катар кызматкерлер медаль жана грамоталар менен сыйланышты.


Салтанаттуу иш-чара полктун кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 11.06.13 ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди
WhatsApp Image 2023 01 17 at 11.06.12 ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди