“Курманкул Зулушев өзүн пайгамбар сезип алгандыр”: Алтынай Арстанбекованы опер кызматкерлер издеп жүрүшөт

Журналист Алтынай Арстанбекова өзүнүн Фейсбук баракчасына Бишкек шаардык Ленин РИИБнын опер кызматкерлери аны издеп келишкенин жазып чыкты.

“Мамчиновник тууганымды фейсбукка жазды деп арызданыптыр бирөө.
Кезек мага да келди окшойт.


Айгүл Жапаровага жагалданам дегендердин заказыбы, же пиарщик Жоробековдун кошоматчыларыбы билбейм. Балким, Курманкул Зулушев өзүн пайгамбар сезип алгандыр. Арыз менен таанышайын.

Баарын силерге төкпөй-чачпай айтып берем. Диктатура күчүндө…” , – деп жазган ал.

Эске салсак, Арстанбекова коомдогу ар кандай көйгөйлөр тууралуу түз эфирлерде баракчасы аркылуу айтып келет.