“Учкучтардын эң жогорку эмгек акысы – 70 миңден 120 миң сомго чейин”, – Карасартов

Аскер учкучтары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн кеткиси келгенин 12-январда Биринчи радиого берген магинде коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, андан кийин персоналды сактоо максатында учкучтардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө чечим чыгарылган.

“Учкучтардын эң жогорку эмгек акысы – 70 миңден 120 миң сомго чейин”, – деди ал.

Карасартов кызматчылардын эмгек акысы жетиштүү деңгээлде деп эсептейт.