Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 33 миллиарддан ашык сом бөлүндү

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө (тышкы жана ички) рекорддук 33 миллиард 606 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу каржы министриги билдирет.

Төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 22 миллиард 113 миллион сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 миллиард 493 миллион сомду түздү.

Мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.