Борбор калаанын “Алга” футболдук клубунун жаңы башкы машыктыруучусу болуп буга чейин КРнын жаштар курама командасын жетектеп келген Самат Сүймалиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, машыктыруучулардын курамында да өзгөрүүлөр орун алган. Руслан Жаныбеков клубда дарбазачылардын машыктыруучусу, ал эми Бакай Зайырбеков машыктыруучунун жардамчысы болгон.
Сүймалиевдин келишими 2023-жылдын сезону аяктаганга чейин, дагы да узартылышы мүмкүн.