Армения өз аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян басма сөз жыйынында билдирди.
«Армениянын коргоо министри ЖККУнун Биргелешкен штабына азыркыдай кырдаалда өлкө аймагында машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлады. Жок эле дегенде Армениянын аймагында мындай машыгуулар 2023-жылы өтпөйт», – деп билдирди Пашинян.
1-январда Орусиянын Коргоо министрлиги быйыл Арменияда «Бузулбас биртуугандык-2023» аскердик машыгуулары өтөрүн жарыялаган.
Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин ЖККУ Арменияда пландалган машыгууларды башка өлкөнүн аймагында өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.