Санкт-Петербург шаарында кафеде токмок жеген кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу «Патрульный Петербурга» билдирди.
Маалыматка караганда, 1-январь күнү 24 жаштагы кыргыз жараны башынан жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал 7-январда көз жумду.
Шектүү кармалып, ал кыргыз жаранын бөтөлкө менен башка урганы белгилүү болду.