Адилет Балтабай: “Ташиевге, Жапаровго кайрылам, мындай болбойт”

Бүгүн, 9-январда Бишкектеги Ички иштер министрлигинин алдында өткөн нааразычылык акциясында милиция кызматкерлери чогулгандарды кармап кетти.

Маалым болгондой, кармалгандар Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилет.

Белгилей кетсек, бүгүн ИИМдин алдына Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен пикетке чыгышкан.