Президент эл аралык өнүктүрүү каржы институттарына кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык өнүктүрүү каржы институттарына кайрылуу жасады.

Ал сөз башында өлкөдө ыш маселеси акыркы жылдарда эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калганын белгилеген.

«Ыш күз-кыш мезгилдеринде өзгөчө талкууга алынып, мында жылытуу үчүн көмүр пайдалануунун дагы үлүшү аз эмес. Бул маселени чечүү комплекстүү мамилени талап кылары талашсыз. Президенттик кызматымдын биринчи жылында мен экология жана жашыл экономика маселелерин мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири катары аныктагам.

Биздин демилгебиз менен БУУ 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыяласа, өткөн жыл Кыргызстанда да «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттүү маселелери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде, миң жылдык мөңгүлөрү бар Кыргызстанга да тиешелүү.

2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында Климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин ачылышындагы кайрылуумда Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартууну көздөөрүн, ал эми 2050-жылга көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын билдирген элем. Ага ириде гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн аркасында жетишүү мүмкүн», — дейт ал.