Энергетика министри Нарын жана Ысык-Көл облусундагы энергетиктерге күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын жана Ысык-Көл облусундагы энергетиктерге күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды. Ал бул тууралуу 7-январда Кочкор жана Балыкчыда өткөн электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолукканда билдирген.

Ибраев кышкысын калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маанилүү экенин белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн баардык чараларды көрүүгө чакырды.

«Өзүңөр билгендей тоолуу аймактарда өзгөчө суук болот. Алдыда күтүлүп жаткан аномалдуу суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла. Энергетиктердин милдети калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү», — деди ал.

Ошондой эле министр жана анын орун басарлары «Кыргыз көмүр» ишканасынын Балыкчыдагы базасына барып, калкка жана ЖЭБге ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү тууралуу маалымат алды.

Ибраев ишкананын адистерине күтүлүп жаткан суукта калкка жана ЖЭБге көмүрдү тынымсыз ташууну тапшырды.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январдан тарта өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөп, катуу суук болушу күтүлөрүн кабарлаган.

Ал эми Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергетиктерге электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырган. Ал энергетиктер алдыдагы суукка толук даяр болушу керек деп билдирген.