Ош шаарынын тургуну унаасынын уурдалганын милиция кызматкерлеринен билген

Бул тууралуу Булак.кжге Ош ШИИБи боюнча МККБнын Басма сөз кызматы билдирди7

2023-жылдын 6-январь күнү саат 3:00 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө « Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жол тескөөчүлөр тарабынан тосулган. Бирок айдоочу унааны токтотпостон кетип калган. Жол тескөөчүлөр артынан кууп кармаган учурда айдоочу, жаш өспүрүм Жалал-Абад шаарынын тургуну А.С автоунааны Ош шаарынын Урицкая көчөсүнөн токтоп турган жеринен айдап чыкканын айтып, уурдалып бара жатканын аныкталган. Айдоочунун жанынан автоунааны жүргүзүүчү атайын ачкыч, алынган. Автоунаа атайын унаа токтотуучу короого токтотулуп, иш Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Унаанын ээсинин телефон номуру унаанын ичинде болгон үчүн жол тескөөчүлөр байланышка чыгышкан. Унаанын ээси унаасынын уурдалганын милиция кызматкерлеринен уккан. Ал жол тескөөчүлөргө «Унаам үйдө» деп жооп берип алып, чыгып таппай калган. Окуянын чоо-жайын билген соң милиция кызматкерлерине ыраазылыгын билдирген.

Унааны урдоого шектелген жаш өспүрүм дагы бир унааны Жалал-Абадка алып барып койгонун айткан. Аталган бала дагы бир нече унааны урдоого тиешеси болушу мүмкүн.

Ош ШИИБи боюнча МККБнын Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2023 01 07 at 10.53.10 Ош шаарынын тургуну унаасынын уурдалганын милиция кызматкерлеринен билген