Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Нарында экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Жамгырчиевдин айтымында атасы ооруп жатканына байланыштуу эмгек өргүүгө чыккан.

«Учурда атамдын абалы оор, жакында эле жүрөгүнөн оор операция жасалган. Иним каза болгондон кийин аны бага турган жалгыз уул болгондуктан, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу эмгек акы төлөнбөгөн өргүү берүү боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасына кат жазганмын», — деген Жамгырчиев соц тармактагы баракчасына.

Аны менен катар ал азыр Нарын облусунда экенин билдирип, чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн кошумчалап, эл менен байланышка чыкпаганынын себебин сыркоолоп калганы менен түшүндүргөн.

 2022-жылдын 26-декабрында УКМК аны өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлап, жүргөн жерин аныктоо үчүн жарандардан жардам сураган.  

Депутат Элвира Сурабалдиева «УКМК Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин» билдирген

Көп өтпөй «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылганын айткан.

Ал эми 6-декабрда Башкы прокуратур Жамгырчиевди актаган соттун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылып, Жогорку сотко кайрылган. Буга кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар себеп болгон.