Путин, Токаев жана Мирзиёев кыргыз эли менен Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Касым Жомарт-Токаев жана Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

919c96dc f5b8 44ef 8ae9 14b1f03c6484.384x0 is Путин, Токаев жана Мирзиёев кыргыз эли менен Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Касым Жомарт-Токаевдин куттуктоосу: «Келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм».

Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу: «Кирип келген Жаңы 2023-жыл менен чын дилимден куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз! Сизге бекем ден соолук жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош өлкөңүздүн элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана ар дайым прогресс каалайм».

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жогорулап бара жатат. Кыргызстан менен Россия евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында активдүү өз ара аракеттенип, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун чакырыктарына каршы турууда күчтөрдү бириктирүүдө.

Келерки жылы биз бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бардык тармактарда конструктивдүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишибизди улантабыз деп ишенем.

Сизге, Сиздин үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чын дилимден бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоосунда.