ИИМ министринин жаңы жылдык куттуктоосу

Кадырман Мекендештер, урматтуу милиция кызматкерлери, ардагерлер жана Ички аскерлердин аскер кызматчылары! Милиция жанан ички аскерлердин кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү!

Өлкөбүздүн сыймыгы, адамзаттын улуу жазуучусу Чыӊгыз Айтматов “Адамга эӊ кыйыны – күн сайын адам болуу!”-деп көрөгөчтүк менен айткандай жашообуздун ар бир күнү болбосо да улам жаӊырган жыл менен адамзат өзүнүн бийик сапатын сактап жана аны жогорулатуу менен алектениши абзел эмеспи.


Жылдар жылга айланып, ай мезгилдер алмашып, күнтизмеги өз ыргагын бузбай алдыга кадамын таштап келет. Биз дагы жылдар менен жарышып, коопсуз мамлекет куруу багытында алдыга карай заманбап маалыматтык технологиялар доорунда максаттуу санариптештирүү менен келечекке кадам таштап келебиз.


Ошол себептүү өткөн жылда жетише албаган, үлгүрө албаган аракеттерибиздин акыбети ушул кирип келе жаткан жылда өтөсүнө чыгабыз деген изги тилегибиз бар. Эски жылды узатып жатып, өткөнгө кылчая карайбыз. Аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарабыз. Эртеӊкинин максаттарын белгилейбиз. Жаӊы үмүттөр, жакшы маанай менен жаркын келечекке кадам таштайбыз. Мунун баары башта айткандай адамдык сапаттарыбызды арттырууга багыт болуп берсин демекчимин.


Арийне, адамдык сапаттын бийиктигин бекемдөө менен күнүмдүк милдеттерибиз да артта калбашы керек эмеспи. Дегеним, ушу тапта эл үчүн тынчтык жана барчылык эӊ башкы маселе. Ар бир жарандын, үй-бүлөнүн бакубат турмушу-жалпы өлкөнүн ийгилиги. Ал үчүн милиция кызматкерлери күнү-түнү элдин коопсуздугунда кызмат кылып, тынчтыктын кепилдиги болуп келет. Биздин эл баардык кыйынчылыктарды жеӊип, Кыргызстан келечекте чыныгы демократиялуу, ар тараптан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошула тургандыгына ишенемин. Ошондуктан биздин бардык аракетибиз да ишенимге ширелген асыл тилектерге багытталган.
Аныгында, биз баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдейбиз. Улуттар аралык биримдикти чыӊдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз. Түпкүлүгүндө бакубат жана келечектүү коопсуз мамлекет курууга жан үрөйбүз. Мына ушул өӊүттөн алганда Кыргыз Милициясы өзүнө жүктөлгөн милдетти талыкпастан көтөрүп келе жатат. Дегеле, Кыргыз эли кылым карытып, «кыргыз» деген улуу атты ыйык сактап, ата-бабаларыбыздын урпактарга калтырган мурастарын жоготпой, кемитпей муундан-муунга аздектеп өткөрүп келе жатканы чоӊ тарых. Ошол жылдардын арасынан быйылкы жыл да канчалык түйшүктүү болсо дагы, кыйынчылыктар болсо дагы ар бир милиция кызматкери чын дили менен берилип иштеп өлкөнүн өнүгүшүнө, коомдук тартиптин сакталышына жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымдарын кошо алгандыктары үчүн чын жүрөгүмдөн сыймыктанамын жана таазим кыламын.
Кыргыз мамлекетибиз өнүгүп-өскөн, экономикасы гүлдөгөн, өнүккөн мамлекеттердин алдыңкы катарына кошулат деген тилектемин. Ал үчүн Кыргызстандын ар бир жараны өлкөбүз үчүн жасай турган милдетин орду менен аткарып, өз көмөчүнө күл тартпай, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши шарт. Ошондо биз жогоруда айтылган тилектердин өтөөсүнө чыга алабыз.
Жалпылап алганда Кыргызстандын ар бир атуулу жана анын ичинде ар бир милиция кызматкери улуттук дөөлөттөрдү бийик туткан, руху күчтүү коомду, ар бирибиз жүрөгүбүз, чын ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо шарты ыӊгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылат. Мына ушул аруу кыял, изги тилек жана ишенимдерге таянган максаттарыбызды жараткан колдосун!


Мамлекеттин туруктуулугу, жарандардын бейпилдиги жана ишеними милициянын бирдиктүү жана сапаттуу ишинен билинет. Милициянын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири элдин ишеними экендигин биз абдан жакшы билебиз. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун сактоодо санариптештирүүнүн эн жогорку денгээлине жетип, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрүүдө ар бирибиз адилет иштеп Кыргыз Элине ак кызмат кылууга чакырамын.
Урматтуу Кыргызстандыктар, ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери. Ички аскерлердин аскер кызматчылары! Милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү!
Жыл ичинде милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттарды түзүү менен алардын социалдык абалын жакшыртуу, айлык акыларан көбөйтүү максатында бир топ ийгиликтүү иштердин өтөөсүнө чыга алдык.


Кирип келген Жаӊы Жылыбыз аруу пейил, асыл үмүт, таза дил менен башталсын. Максаттар ишке ашып, үмүттөр орундалып, элибизге береке, кут, бакыт, түгөнбөс дөөлөт алып келсин! Ар бир үйгө токчулук жана бекем ден-соолук каалайм!
Ырасында, Жаңы жыл башка майрамдардан өзгөчөлөнгөн, адамдардын ынтымагын, биримдигин чыңдаган, бири бирине жакшы тилектерин айтып, бири-бирине жаркын келечек каалаган жан дүйнөнүн майрамы эмеспи. Андыктан, Жаӊы 2023-жыл жергебизге жакшылыктарды тартуулап, берекесин төккөн жылдардан болсун, кирип келген жаӊы жылды жаркын маанайда тосуӊуздар! Кыргызстан элинин жаркын келечеги жана өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишиӊиздерди ийгиликтер коштоп, үй-бүлөӊүздөр менен бакубатчылыкта жашап, аман эсен болуӊуздар.
Сиздерди дагы бир жолу Жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктаймын жана ишиңиздерде албан-албан ийгиликтер жаралып, үй-бүлөңүздөрдө бактылуу жашоо өкүм сүрүп, ден соолугуңар бекем болуп, мамлекетибизде тынчтык болсун.

Жаңы жыл жакшылыктардын, жакшы жетишкендиктердин жылы болсун. Жаңы жылыңыздар менен!

Улан НИЯЗБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министри,
милициянын генерал-лейтенанты