Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына маалымдады.
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылы менен чектешкен Худжант-Канибадам автоунаа жүрүүчү жолдо Лейлек РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажикстан Республикасынын Гафуров РИИБдин начальниги милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарынан уурдалып кеткен малдар кайтарылды.
![WhatsApp Image 2022 12 28 at 08.24.59 1 Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери уурдалган малдарды ээлерине тапшырышты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-28-at-08.24.59-1.jpeg)
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктерди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшүп, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алышты.
Мурда уурдалып кеткен 3 уй, 3 музоону кыргыз тарап өткөрүп алып, ал эми тажик тараптын 6 баш бодо малын өткөрүп берди.
![WhatsApp Image 2022 12 28 at 08.24.58 Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери уурдалган малдарды ээлерине тапшырышты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-28-at-08.24.58.jpeg)
![WhatsApp Image 2022 12 28 at 08.24.59 Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери уурдалган малдарды ээлерине тапшырышты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-28-at-08.24.59.jpeg)