Баткенде дээрлик эки миң кызыл китеп жана техпаспорт даярдалды

default

Баткен облусунда дээрлик эки миң жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (кызыл китеп) жана техпаспорт даярдалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынын тургундарына кыймылсыз мүлккө юридикалык документтерди тариздөө боюнча иштер аткарылууда.

“Ушул жылдын 14-декабрына карата Баткен филиалы тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө 880 мамлекеттик акт, кыймылсыз мүлк объектилерине 847 техникалык паспорт берилген. Ал эми Лейлек филиалы тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө 1 миң 118 мамлекеттик акт, кыймылсыз мүлк объектилерине 990 техникалык паспорт берилди. Жалпы 1 миң 998 мамлекеттик акт жана 1 миң 837 техпаспорт берилди”, — дейт ал.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады. Ошондой эле турак үйлөр, чарбалык жана социалдык, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланган жана жабыркаган.