ТИМ ЖК депутаты Атазовдун билдирүүсүнө жооп берди

КР Тышкы иштер министрлиги депутат Шайлообек Атазовдун 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы түшүнүксүз жана талаштуу билдирүүсүнө жооп берди.

«Кызматка дайындалганга чейин КР Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкери соттуулугу жоктугун аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарында атайын текшерүүдөн өтөт. КРнын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн бардык кызматкерлери Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тиешелүү кесиптик даярдыктан өтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда депутат Ш.Атазов КР ТИМ тутумунун кайсы кызматкеринин соттуулугу бар экендиги тууралуу маалыматты министрликке тактап бере алган жок.

«Эгерде депутат өзүндө бар болгон тиешелүү маалыматтарды берсе, министрлик КР мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүгө даяр», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду айрым кызматкерлеринин компетентсиздигине токтолуп, Тышкы иштер министрлигинде кадрдык тазалоо жүргүзүүгө чакырган.