Журналист Жапаров менен Ташиевге кайрылуу жасады

Журналист Канышай Мамыркулова камакка алынган саясатчы, активисттерге байланыштуу президент Садыр Жапаровго жана Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кайрылуу жасады.

“Урматтуу Президент, урматтуу Төрага, жаңы жылга саналуу күндөр калды. “Кемпир-Абад” иши боюнча күбө катары суралган бойдон ден соолугума байланыштуу үйдөмүн, ага деле деле рахмат. Бирок, өз пикиримде калганым анык, колдон келбесе дагы, “Кемпир-Абад элдики” деген пикирдемин. Жер жана суу элдин байлыгы.

Учурда мыйзамсыз камалгандар эң оор учурларды баштан өткөрүшүүдө. Моралдык жактан кыйноолор эч качан сый-урматты алып келбейт. Албетте, элдин жашоо-турмушунун жакшырышы болобу, айлыктар көтөрүлөбү, мунун баары дурус. Бирок, тарыхта бийлик, “курсактарды кампайтып” тойгузганы боюнча калышы кыйын. “Ачкан курсак тоюнат, жыртылган кийим бүтөлөт” деген накыл кеп бар. Мамлекеттин бүтүндүгү, жарандардын эркиндиги, сөз эркиндигинин сакталышы эң башкы орунда. Камактагы жарандар мамлекеттин бүтүндүгү үчүн аракет кылышкан, аларды коомго терс жагынан таңуулай берүү дурус эмес. Күнү-түнү жанталашкан фейк-фабрикалардын жасаган аракеттери уят.

Биз бир коомдун өкүлүбүз. Бийлик түбөлүк эмес. Бир күндүк өмүрдө адамдардын убалына калуу кандай экенин баштан өткөргөн жетекчилер катары, бул адамдардын тагдыры менен ойногон жакшы эмес. “Жети өлчөп, бир кесип”, жаңы жыл алдында үй-бүлөлөрү менен болушуна шарт түзгөн туура, муну коомчулук колдойт. Биз аз элбиз. Камоолор жана кыйноолор эч качан барк алып келбейт, муну эң жакшы билесиздер. Унчукпай отура берүүнүн өзү кылмыш. Биз айталы, “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген кыргыз. Бардык жагдайларды эске алып, жыл тогошоор алдында жакшылык күтөбүз.”, – деп жазган Кайрылуусунда.