Сузакта кыздар медресесинен өрт чыгып, экөө ооруканада

Сузак районуна караштуу Комсомол айылында кыздар медресесинен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Комсомол айылындагы Насиридинов көчөсүндө аянты 165 чарчы метр мансард тибинде салынган кайрымдуулук мекемеси, кыздар медресесинин чатыры, 26 даана төшөк жана шыбы күйгөн.

16 жана 14 жаштардагы эки кыз өздөрүн жаман сезгендигинен улам тез жардам кызматы тарабынан облустук ооруканага жөнөтүлгөн, күйүк алышкан эмес.

Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.