Токмок ЖЭБинде жаңы келген жетекчиге каршы митинг болду

Токмок шаарындагы Жылуулук Энерго Башкармалыгында кыштын кыраанында кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу аталган мекеменин эмгек жамаатынын 150 кызматкери митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова Вulak.kg редакциясына билдирди.

Анын айтымында жаңы келген жетекчи Тыныбек Козубаевдин мурда соттолгондугу бар экенин эмгек жамааты билип, аны менен иштешүүдөн баш тартып жатат. Муну менен быйыл үчүнчү жетекчи алмашып жатат, – дешет чогулгандар.

Учурда Токмок шаары жылуулуксуз калды.

“Эмне үчүн кадрдык өзгөрүүлөрдү кыштын чилдесинде эмес жайында кылышпайт? Дал ушул жылуулук берүү күчөп турган кезде кылынат? Өткөндө деле мурда иштеп кеткен жетекчи Орловканы талкалап кеткен экен, андай адамдардын бизге кереги жок”,- дейт депутат.