«Азаттыктын» сайтын бөгөттөө мөөнөтү узартылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медианын» сайтын бөгөттөө боюнча чечими күчүндө калды. Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, буга чейин көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет.

Сарногоева сайтты бөгөттөөнүн мөөнөтү эч кайсы мыйзамдык нормаларда жазылбаганын, материал сайттан өчүрүлгөндө гана анын иштешине уруксат берилерин айтты.

Буга чейин «Азаттык Медиа» Маданият министрлигине кат жөнөтүп, сайтты бөгөттөө чечимин токтото турууну өтүнгөн. Катта «мындай чечим мыйзамсыз жана негизсиз экени, Баш мыйзамга каршы келери, сөз эркиндигине, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине кепилдик берген конституциялык нормалар бузулуп жатканы» белгиленген. Бирок бул чечим канааттандырылган эмес.

Аталган министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын 26-октябрда эки айга жапкан.