Ошто уруштун айынан 16 жаштагы студент көз жумду

Ош облусунун Өзгөн районунда уруштун айынан 16 жаштагы студент каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрь күнү болжол менен саат 21:30да Өзгөн райондук милициясына Куршаб аймактык ооруканасынан Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы №62 кесиптик лицейдин окуучусу 16 жаштагы Э.К. каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя жерине чыгышкан.

Ыкчам-тергөө тобу аныктагандай, 20-декабрь күнү болжол менен саат 20:30да №62 кесиптик лицейдин студенттери пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөөлөрдүн берген көрсөтмөсү боюнча, 3-курстун 17 жаштагы М. А. уулу аттуу студенти 16 жаштагы Э.К аттуу жаранды муштуму менен көкүрөк жагына уруп жиберип, ал эс-учун жоготуп окуя болгон жерде көз жумган.

«Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.